Turmush — Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын тургуну — балыкчы Саламат Чиналиев жыланбашты (змееголов) кармаганда тартылган видео менен бөлүштү.
Ал чоң жыланбашты кармоонун оргиналдуу ыкмасы тууралуу айтып берди.
«Көптөн бери балыкчы-спортчуларга жыланбашты спорттук шайман менен кармоонун сыноодон өткөн ыкмасын көрсөткүм келип жүргөн. Кээ бирде балыкчылар кичинекей көлмөлөрдө чоң балыктарды ушундай ыкма менен кармоого болоруна ишенишпейт. Негизи жем катары тирүү баканы колдоном. Аны суунун үстүнө коюп, кыймылдатканда жыланбаш кармайт. Учурда көп өлчөмдө сатылып жаткан жасалма баканы колдонсо да болот. Айрым учурларда жасалма жем жакшы жардам берет. Жыланбаштын сырты калың былжыр менен капталган. Ошондуктан ал кармалбайт, аны кармаганда абдан көңүл буруу керек», - деди ал.
Саламат Чиналиевдин айтымында, ал кармаган эң чоң жыланбаштын салмагы 7,5 кг болгон.
- Жыланбаш (змееголов) XX кылымдын 70-жылдарында Амур дарыясынын боюндагы туруктуу жашаган жеринен Орто Азияга көчүрүлүп келген. Кыргызстанда анын узундугу 1 жарым метр, салмагы 7 килограммга чейин жетет. Бирок алардын арасында салмагы 15 килограммга чейин жеткендери бар.