Turmush — Келсинбек Бектемиров Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент кол коюп, жаңы мэр 17-июнь күнү активге тааныштырылды.
Бектемиров Келсинбек Базаркулович 1980-жылы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Үй-бүлөлүү, 2 уул жана 1 кыздын атасы. Юрист кесибинин ээси.
Буга чейин Таш-Көмүр шаардык кеңешинде депутат («Ата Журт» фракциясы) болгон. Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, жоопкерчилиги чектелген коомдун директору жана башка кызматтарда иштеген.
- Таш-Көмүр шаарынын мэри буга чейинки мэри Нурлан Добулбеков болчу.
Жаңы мэр тууралуу толук маалымат материалдын жабык бөлүгүндө.