Turmush — Ысык-Ата районунун Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Эркинбек Керимкулов Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ардак грамотасы менен сыйланды.
Ага бул сыйлык өрт кырсыгы учурунда адам өмүрүн сактап калгандыгы үчүн жана өсүп келе жаткан муундарды патриоттуулукка тарбиялоодо көргөзгөн үлгүсү үчүн тапшырылды.
Эске салсак, Эркин Казбекович бир нече ай мурун Кеңеш айылында түн ичинде күйүп жаткан унаадан айдоочуну куткарып чыккан.
«Түнкү саат 03:30 чамасында ойгонуп кеттим. Терезе туштан жарык көрүндү. Айрымдар кургак бакты өрттөп кетип калышат. Бак өрттөнүп жаткан го деген ой менен терезени карасам, унаа күйүп жатыптыр. Анан дароо өрт өчүрүү кызматына телефон чалдым.
Андан соӊ кол чыракты алып, сыртка чыгып барсам, эч ким көрүнбөйт. Айдоочу тарабынан эшигин ачайын десем, ачылбай калыптыр. Ичинен бир үн угулгандай болду. Жерден таш алып, терезесин талкаласам, ичинде айдоочу бар экен. Эптеп, айдоочуну сүйрөп чыктым. Ал жарым-жартылай эс-учун жоготуп жатыптыр. Бир нерсе деп, түшүнүксүз булдуруктап койду. Бети-башы кан. Бакка жөлөп отургузуп койдум. Унаанын артында эч ким көрүнбөйт. Унаага жакындаганга мүмкүн болбой калды. Андан соң өрт өчүрүүчүлөр, тез жардам кызматы жана ИИМ кызматкерлери келишти», - деген ал.