Turmush — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 23 жаштагы милиция кызматкеринин өлүмү боюнча маалымат берди.
Милициянын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 16-июнунда саат 19:40 чамасында Кара-Суу РИИБдин милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкери — милициянын лейтенанты М.С. Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Савай каналына түшүп кеткендиги тууралуу маалымат Кара-Суу РИИБге кабарланган. Бул факт Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү иштери башталган.
Аталган билдирүү боюнча ИИМдин ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы А. Акунов, Ош ОИИБдин башчысынын орун басары Т.Шатманов, Кара-Суу РИИБдин башчысы А.Акунбеков, Кара-Суу районунун прокурорунун орун басары А.Малаев жана Кара-Суу РИИБдин ыкчам тергөө тобу менен биргеликте Кара-Суу районунун Сары-Колот айыл аймагынын Курбан-Кара айылындагы Савай каналына барышкан.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө М.С. каналга өзү менен бирге иштеген Кара-Суу РИИБдин 3 кызматкери менен бирге баргандыгы аныкталды. Алар М.С.нын «Ваз 2107» үлгүсүндөгү унаасы менен 16-июнь күнү саат 17:30 чамасында Курбан-Кара айылындагы Савай каналына сууга түшүп жаткан жаш балдардын коопсуздугун карап, сууга түшүүгө болбостугун түшүндүрүү үчүн барышкан. Ал жактан болжол менен 12-14 жаштагы эки жаш бала каналдын жээгинде турушканын көрүп, аларга сууга түшпөө жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал балдарды кетирип койгондон кийин өздөрү сууга түшкөн. Ошол учурда М.С. суунун ортосуна барганда тумчугуп, чабак ура албай жатканын көрүшүп, бирге барган шериктери аны суунун жээгине чыгаруу үчүн аракет кылышкан. Бирок М.С.ны суудан алып чыга албай, ал сууга чөгүп кеткен.
М.С.ны табуу максатында Кара-Суу РИИБдин 130 кызматкери, Кара-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 28 кызматкер, 10 куткаруучу издөө иштерин жүргүздү. Кара-Суу районунун Кыдырша айылынан Ак-Таш айыл аймагынын Ак-Таш айылына чейин, тактап айтканда окуя болгон жерден Өзбекстан Республикасы менен Кыргызстан Республикасынын чек арасына чейин издөө иштери жүргүзүлүп, жалпы 12 чакырым аралык текшерүүдөн өткөрүлдү. Издөө иштеринин жүрүшүндө 2022-жылдын 18-июнь күнү саат 8:30 чамасында М.С.нын жансыз денесин табылды.
Учурда бул окуя боюнча Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматынын Ош шаары Ош облусу боюнча бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Маркум — 2000-жылы туулган Мырзабеков Сыймык Салмоорбекович.
Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы 16-июнь күнү Савай каналына 1999-жылы туулган М.С. чөгүп кеткенин билдирген. Аны издөөгө куткаруучулар тартылган болчу.
Кийинчерээк Turmush басылмасына өздүк булактар сууга чөгүп кеткен жигит милиция кызматкери экенин жана анын жансыз денеси табылганын билдирген.
- Маалыматтын жабык бөлүгүндө милиция кызматкери тууралуу маалымат бар.