Turmush — «ОшМУ-университет» кыз-келиндер волейбол клубу Кыргызстандын XV чемпионатын жеңди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, финалдык беттештерда оюнчулар «Улар» клубун 3:0 эсебинде, «Салам Алик» клубун 3:1 эсебинде, «Дордой» клубун 3:2 эсебинде жеңип, чемпион болду.
«ОшМУ-университет» кыз-келиндер волейбол клубу 2020-жылы түзүлгөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клуб болуп саналат. Учурда волейбол клубунда окутуучулардан жана студенттерден тандалып алынган 16 спортчу бар. Клубдун президенти — ректор Кудайберди Кожобеков, башкы машыктыруучу — Нурзат Исмаилова, машыктыруучунун жардамчысы — Уланбек уулу Курсант.
«ОшМУ-университет» кыз-келиндер волейбол клубунун жалпы курамын окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз», - деп айтылат Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын маалыматында.