Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Отуз-Адыр айылынын 68 жаштагы тургуну Төрөмамат Абдыжапаров 23 жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Анын айтымында, багбанчылыкты 1999-жылы баштаган. Айылдагы адыр жерлердин иштетилбей турганын көрүп, бакка айлантууну көздөгөн. Айыл өкмөт тарабынан 7 гектар жер бөлүнүп берилген. Ал жерге түтүк аркылуу суу чыгарган.
«Айылда жерлер бош турбаса дейм. «Колумдан келет, эмнеге жасабашым керек?» дечүмүн. Ал жерге алма менен гиластын көчөтүн отургузууну чечтим. Ошол учурда мага ишеним артып жатышат деп багбанчылыкка кызыгуум артты», - деди ал.
Багбандын пикиринде, тоолуу жерлерге суу чыгаруу маселесин карап, ал жерлерге бак отургузуп, экологияга пайда келтирип, муну менен катар каражат тапса болот.
«Менин оюмча, суу маселесин эске албаганда биздин өлкө бак тигүүгө өтө ылайыктуу. Мен багбанчылыкты жаңы баштаганда бак тиккендер жок эле. Азыр эми көбөйүп баштады», - деди ал.
Ар бир иштин өзүнүн кыйынчылыгы бар. Багбан багындагы жемиштерди февраль айында бутап, жаз, күз айларында азыктандыруу үчүн дарыларды сээп турат. Мөмө алгандан кийин дагы жалбырактан азыктандыруу берилерин айтат.