Turmush — Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын наристелер бөлүмүнүн дарыгери Марипа Мукашова 69 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Маркум бүгүн, 15-июнда Эмгекчил айылында жерге берилди.
Маркум аталган бөлүмдө 2003-жылдан бери иштеп келе жаткан.
Саламаттыкты сактоонун отличниги М.Мукашова медицина тармагында жалпы 45 жыл эмгектенди.
Анын артында 2 кыз, 1 уулу калды.