Turmush — Ош технологиялык университетинин Б.Мурзубраимов атындагы эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институнда эгиз студенттердин арасында интеллектуалдык оюн-таймаш болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара институттун жаштар кеңеши тарабынан уюштурулду.
«Эгиздер окшош экенин баары билет. Бирок алар кандай ойлонушат, эмнени жактырышат, ар кандай кырдаалдарда кандай аракет кылышат? Бул суроолорго жооп алуу үчүн алар бирге окуп жаткан предметтер боюнча билимди текшерген суроолорго жооп берип, сүрөттөрдү чечмелеп, бийлеп, кошумча берилген тапшырмаларды аткарышты. Эгиздердеги мистикалык сырлар туурасында студенттерге айтып беришти. Аларга баалуу белектер берилди», - деп айтылат маалыматта.