Turmush — Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда жаш балалуу эне-студенттердин сынагы өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чараны институттун аялдар кеңеши президент С.Жапаровдун «Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурду.
«Энелер балдарына тарбиялык мааниси бар жомокторду айтып берип, бешик ырларын ырдап, бала багуунун ырахатын жана үй-бүлө күтүү, балдардын атасына болгон мамилеси боюнча суроолорго жооп беришти. Иш-чарага институттун студенттери жана ата-энелер катышып, концерттик программа менен коштолду», - деп айтылат маалыматта.
Институтта күндүзгү бөлүмдө окуган 11 студент келиндин жаш балдары бар.