Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн Кызыл-Мээнет айылынын 58 жаштагы тургуну Рустам Тажибаев 22 жылдан бери дыйканчылык менен алектенип келет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.
Өзүнүн айтымында, соода тармагында иштеп жүрүп, кийин дыйканчылыкка кызыгып калган. 1994-1995-жылдары реформа убагында жер бөлүштүрүү болуп, 10 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Кийинчерээк айылдаштары менен атайын кооператив түзүп, бирге иштеп башташкан.
Учурда алар 121 гектар жерди иштетет. Анын 19 гектар жерине жаңы элита, супер элита сортундагы буудай айдалат. Ал эми калган 102 гектарына бир нече сорттогу пахта өстүрүлөт.
- 2020-жылы сентябрь айында Кара-Суу районундагы «Оомат агро» кооперативине ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков барган. Өлкө башчы кооперативдин базасын жана пахта талаасын көрүп кеткен. Ал учурунда Кара-Суу районунда пахта чогултуу боюнча чоң потенциал болгонун белгилеп, каржы институттарынын көңүлүн фермерлер менен дыйкандарга көмөктөшүүгө бурган.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө дыйкандын кирешеси тууралуу жазылган.