Turmush — Кутманали Карыбеков Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болду. Ал бул кызматка 17-май күнү шайланган.
Карыбеков Кутманали Кудайбердиевич 1984-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Буга чейин жергиликтүү кеңештин депутаты, райондук администрацияда, Салык кызматында башкы адис, инспектор болуп иштеген.
- Буга чейин Көк-Бел айыл өкмөтүн Асилбек Айткулов жетектеп келген.