Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын тургуну Кундуз Жапарова үй канаттууларын көбөйтүү менен алек. Ал тооктун жумуртка багытындагы Хай-Лайн жана эт багытындагы брама түрүн багып жаткандыгын аймактык кабарчыга айтып берди.
«Буга чейин тоокторду аз санда өзүбүз үчүн эле багып келгенбиз. Өткөн жылдан бери көбөйтүүнү максат кылуудабыз. Учурда тооктун жумуртка багытындагы Хай-Лайн жана эт багытындагы брама түрүн, ошондой эле үндүктүн Чёрный принц түрүн багып жатабыз. Былтыр жумуртка багытындагы Хай-Лайн түрүндөгү тооктун жөжөлөрүнөн 100 баш алып келгенбиз. Алар чоңойду. Короздорун союп, саттык. Тооктору тууп, жумурткаларын басып чыгарды. Учурда мындан 40тан ашык тоок, 70тен ашык жөжө бар. Мындан сырткары, Брама тоокторун жана жөжөлөрдү багуудабыз. Жалпы 200дөн ашык тоок, 50гө чукул үндүк бар», - деди ал.
Эртеден кечке жөжөлөр менен алектенген Кундуз айым негизги киреше тооктордун жумурткасы жана жөжөлөрүнөн түшөрүн белгиледи.
«Тооктордон кандай киреше түшөт дешет. Негизги киреше булагы — жумуртка жана жөжөлөрдү сатуудан түшөт. 1 айлык жөжөлөрдү 130 сомдон, 2-3 айлык болуп калган жөжөлөр 250-300 сомдон, 1 айга чейинки жөжөлөр 70 сомдон жана чоң тооктор 500 сомдон сатылат. Ошондой эле 50гө чукул үндүктүн жөжөсү бар. Үндүктүн жөжөлөрүн сатмак эмеспиз. Бирок айылдын ичинде багуу кыйын болуп, сатсакпы деп жатабыз. Негизги кирешеси жумурткасы. Базарда, дүкөндөрдө кадимки жумурткалар 10 сомдон сатылып жатса, биздики породалуу тооктор болгондуктан жумурткасын 12 сомдон бастырып, жөжө чыгарып алууга көп алышат. Ушул эле айылдан эмес, Ак-Талаа районунун башка айылдарынан дагы келип, эң көбү 100гө чейин сатып алышууда. Кирешеси жакшы», - деди ал.
АКШдан тараган Хай-Лайн тооктору жылына 280-350 даана жумуртка берет. Жумурткасынын салмагы 57-60 граммды түзөт. Жумуртка басуу инстинкти жакшы, 5 айда жумуртка бере баштайт.