Turmush — Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс жана Сузак айыл аймагындагы жардамга муктаж эки үй-бүлөгө турак жай курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Үйдүн ачкычын тапшыруу аземине президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, жергиликтүү бийлик жетекчилери жана айыл тургундары катышты. Облус башчысынын орун басары коомдун аярлуу катмарындагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөткөн ишкерлердин караты калыңдап баратканын, бул аракет мамлкеттин социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө болгон жардам экенин билдирди.
Турак жай салууга жеке ишкер демөөрчүлүк кылган.