Turmush — Кыргызстандын аймактарында 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Буга байланыштуу Turmush басылмасынын кабарчысы Чүй облусунун айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен маектешти.
Алар бала кезинде түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, бала кезде ким болгусу келгенин айтып беришти.
Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев бала кезинде милиция кызматкери болгусу келчү.
Чүй районунун акими Жыргалбек Шакиев: Менин балалык кыялымда ар кандай кесиптин ээси болгум келчү. Алиппе майрамында «Б» тамгасы жөнүндө ыр окугам. Анда «Бакыйган бир директор боломун» деген сап бар эле.
Жаштын тилегин берет дегендей, минтип мамлекеттик кызматкер болуп, элге кызмат кылуудамын.
Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.