Turmush — Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Достук айыл аймагынын 30 жаштагы тургуну Эмил Баканов болгар калемпиринин түшүмүн жыйнап, чет өлкөгө экспорттоону көздөп жатат. Элет жериндеги дыйкан менен аймактык кабарчы таанышты.
Ал быйыл аба ырайынын жаанчыл болушу түшүмдү кечеңденткенин, бирок базардагы баа дыйкандын түшүмүн актай турганын айтат.
«Быйыл эрте жазда доллардын куну көтөрүлүп, жер семирткич, дыйканчылыкка керек болгон клеёнка жана күйүүчү май кымбат болуп, бир кыйла оор болду. Азыр деле дыйкандар арасында эң кеңири колдонулган жер семирткич карбамиддин (мочевина) 1 кабы 2500 сомго бааланууда. Бул бир кап ундан да кымбат. Ошентсе да, дыйкандар аргасыздан алып жаттык. Эгер сатып алып сеппесек, түшүмдөн кол жууйбуз.
Быйыл аба ырайынын нымдуу болгону да бир аз түшүм жыйноону кечеңдетти. Аны менен бирге ар кандай ооруулар көп болду. Биз сертификациядан өткөн үрөндү эккендиктен анча кыйналган жокпуз. Бирок айрым айылдаштарыма абдан эле оор болду. Азыр болгар калемпиринин орточо баасы 60-70 сомдон болууда. Бул абдан жакшы баа, эгер баалар ушундай болуп турса, дыйкандардын мээнети акталчудай. Мисалы, мен 1 гектар 80 сотых аянтка эгилген болгар калемпирине 200 миң сомдон ашык акча жумшадым. Түшүмдү сатып, кетирген чыгашаны актап жатам», - дейт ал.
Элеттик дыйканды ойго салган бир көйгөй бар. Ал көйгөй тууралуу буларга токтотулду.
«Улам жаңылыктардан кыргыз өкмөтү коңшу Өзбекстан Республикасы менен соода алакасын жандантып, соода-сатыктын көлөмүн өстүрүүнү көздөп жатканын айтууда. Эгер коңшу өлкөнүн жашылча-жемиштери биздин базарларга кирсе, баалар төмөндөп, каатчылыкта насыя алып, дыйканчылык кылган жарандардын мээнети акталбай калат. Аны менен бирге чек аралардагы узун кезекти да жоюп, коңшу өлкөлөр менен сүйлөшүүгө барышса, жакшы болмок. Ошондо биздин товарлар буюртмачыга өз убагында жетип, алардын бизге болгон ишеними артып, буюртма көбөйүп, экспорттун көлөмү өсмөк», - деди ал.
Эмил Баканов жашыл таттуу болгар калемпиринен сырткары күздө бышып жетилчү кызыл болгар калемпирин да өстүрөт. Ал базарда өтмүмдүү келет. Мындан сырткары пахта, жүгөрү жана малга тоют катары беде айдаган.