Мырзакул Осмонов
// Turmush
Turmush — Бүгүн, 6-июнь күнү Ош шаарынын казысы болуп Мырзакул Осмонов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык казыятынан тастыкташты.
М.Осмоновду аталган кызматка Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев өзү келип дайындаган. Ал буга чейин медресенин мүдүрү, имам, казынын жардамчысы болуп иштеген.
Мырзакул Осмонов 1981-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында туулган. Бир нече тил билет.
- Буга чейин Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев болчу.
АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек:
info@akipress.org
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.