Turmush — Кечээ, 2-июнда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, «Манас» орденинин ээси, опера ырчысы жана акын Дарика Жалгасынова конокто болду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эл артистин университеттин жетекчиси Бекмурза Зулуев өзү тосуп алып, алгач окуу жайды тааныштырды. Андан соң эмгек жамаат менен студенттер жыйын залында Дарика Жалгасынованы тосуп алып, ал менен бирге жакындан баарлашты.
Иш-чаранын жүрүшүндө таланттуу мугалимдер өз чыгармаларын аткарышып, каарман тууралуу даярдалган документалдык тасмага күбө болушту. Аны улай ырчы сахнадан орун алып, катышуучулардын ар тараптуу суроолоруна жооп берип, өзүнүн өмүр жолу жана чыгармачылык ийгиликтери менен кенен бөлүштү. Студенттердин суранычы менен чыгармалардан аткарып, өзүнүн автордук ырларын да окуп берди.
Көп кырдуу талант ээси ыйга толгон балалык чагын, кубанычтуу студенттик курагын, үй-бүлөсүн жана маңыздуу чыгармачылык жолун кенен баяндап берди.
«Менин жашоодогу эң кайгылуу учурум балалык кезимде болгон. Ал эми кубанычтуу күндөрүм абдан көп болду. Азыр ушул жерде эң жөнөкөй адамдар менен жолугуп, жагымдуу көздөр менен карашып, баарлашып олтурганым да мен үчүн бакыт тартуулап жатат», - деди Дарика Жалгасынова.
Соңунда ал окуу жайдын китепканасына өзүнүн автордук китептерин белекке берсе, ал эми окутуучулар Дарика Жалгасыновага элечек кийгизип, гүл арнашты.