Turmush — Кечээ, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү белгиленди. Буга байланыштуу Turmush басылмасынын кабарчысы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, мектеп, бала бакчалардын жетекчилери менен маектешти. Көпчүлүгү балалыгын сагынганын айтышты.
Алар бала кезинде түшкөн сүрөттөрүн көрсөтүп, балалыгы кандай өткөнүн айтып беришти.
Ат-Башы районунун Большевик айылындагы Апыш Табылдиев атындагы мектептин жетекчиси Апал Өзгөрүшова:
- Мен 1965-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам. Атам Өзгөрүш Жумалиев экономист, ал эми апам Ырыс Турдалиева райондук ооруканада медайым болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Апам эки эгиз төрөгөн: Апал, Асан жана Анара, Чынара.
Балалык кезим Ат-Башы айылында өткөн. Алты жашка чейин ата-энемдин колунда тарбиялангам. 7 жашымда В.И.Ленин атындагы №2 орто мектебине киргем. Биринчи мугалимим Чернышова Клавдия Васильевна.
Ат-Башы айылындагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин жетекчиси Мээрим Төлөгөн кызы:
- Бала кезим жакшы өттү. Чоң ата, чоң апамдын колунда чоңойдум.
Ак-Жар айылындагы «Ак-Жар сезими» балдар бакчасынын жетекчиси Саида Пазылахунова:
- Балачагыбыз кызыктуу өттү. Атам менен апам шаарга кетип, мени чоң апамдыкына калтырды. Ошентип мени чоң апам багып жүрүп, улуу кызына ата-энеси келгиче деп берди. 2 жаштан кийин Ат-Башыда 3 эркектин арасында жалгыз эрке кыз болуп чоңойдум. Эмне кааласам баарын алчумун. Балалык күнүм сонун өткөн.
Ат-Башы айылындагы Абдыраалы Керимбаев атындагы орто мектебинин жетекчиси Анна Аман кызы:
- Ат-Башыда төрөлүп, ушул жерде чоңойгом. Балалыгым бактылуу өткөн. Ата-энеме ыраазычылык билдирем. Кичинекейимден эле англис тилине аябай кызыкчумун.
Ат-Башы айылындагы Касыке Мамбеталиев атындагы орто мектебинин жетекчиси Айнагүл Молдалиева:
- Балалыгым Ат-Башы айылында өткөн. Ата-энемдин кучагында бактылуу балалыкты өткөргөм. Мектепте окуп жүргөндө активист, мыкты окуучу болгом. Бүткүл союздук лагерге баргам.
Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылындагы Нааматбек Үсөналиев атындагы орто мектебинин жетекчиси Эдилбек Дүйшөналиев:
- Бала кезимде айылда чоң атамдын колунда өстүм. 2 жылдай башка өлкөдө жүрүп, 2013-жылдан баштап мектепте мугалим болуп эмгектенип калдым.
Ат-Башы айылындагы «Асылзат-Зирек» балдар бакчасынын жетекчиси Аида Үсөнова:
- Атам бухгалтер болуп иштеген. Апам болсо мектепте тарых сабагынын мугалими болуп эмгектенген. Азыр ойлосом, балалыгым аябай жакшы өтүптүр. Балалыктын таттуу даамын таткам десем болот. Мен 2 жашка чыкканда чоң энемдин жанында болдум. Жумуртка кууруп, көк пияздан үстүнө сээп берчү. Сууга картошка бышырып, каймакка мыкчып берсе жей алчу эмес элем. Бирок ошол сонун тамак экен. Чоң энемдин чара-чара жумурткасы, каймактары, колунан жасалган таттуулары эсимден кетпейт.