Turmush — Баткен облусунун Кадамжай районунда кокон гилас бышып, түшүмдү сатуу иштери кызуу жүрүп жаткан учур. Быйыл аба ырайына байланыштуу түшүм райондун бардык аймактарында бирдей болгон жок.
Аталган райондун Марказ айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында башка аймактарга салыштырмалуу түшүм жакшы. Жергиликтүү дыйкан — 77 жаштагы Кайым Абылкасымов үч гектардан ашык жерге көчөттүн түрүн эгип, бакка айландырган. Учурда бул бакты анын 39 жаштагы уулу Момун Абылкасымов карайт.
Анын айтымында, 2005-жылы айылдаштары Россияга мигрант болуп агылып жатканда, ал да чет жакка кетүүнү көздөгөн. Бирок атасы Кыргызстанда да миллиондорду тапса болоруна ынандырып, жалгыз уулун айылда алып калып, бак отургузган. Атасынын 17 жыл мурда айткандары ишке ашып, ата-бала миллондогон киреше таап жаткан учуру.
«2004-2005-жылдары достор, Көк-Талаа айылы тегиз эле Россияга кете баштаган. Бул жерде атамдын салымы өтө чоң. Атам «Россияга барбай эле кой, мен сага ушул жерде бак тигип берем, ушуну кара. Россияда алардын колунда иштегенче, бул жерде иште. Россияда иштеген балдар сенин колуңда иштеп калат» деген. Көрсө, атамдын ошондо эле көзү жеткен экен. 2005-жылы атамдын айтканын кылып, дарактарды тиктик. Алма, гиластын түрүн, шабдалы көчөттөрүн отургуздук. Үч жыл дегенде жыйынтык бере баштады. Сатып, киреше таап баштаганда Россия ушул жерде экен деп калдым», - дейт Момун Абылкасымов.
Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы жергиликтүү багбандарга шилтеме берүү менен Баткен облусунда 1 кг гилас сортуна карап 300 сомдон 330 сомго чейин сатылып жатканын билдирген.
Кадамжай районунун Көк-Талаа айылынын тургуну Уланбек Олимовдун айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл гиластын баасы дээрлик 3 эсеге кымбат.
- Багбан жана анын багы тууралуу маалыматтарды Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.