Turmush — Жалал-Абад облусунун Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын мурунку башчысы Масалбек Мырзамамытов каза болду. Бул маалыматты райондук мамлекеттик администрациядан тастыкташты.
Ал эртең, 2-июнда Кербен шаарында акыркы сапарга узатылат.
- 1956-жылы Жалал-Абад облусунун Кербен шаарында туулган.
Масалбек Мырзамамытов 2017-2019-жылдары Аксы районунун акими кызматын аркалаган. 2019-жылдан бери Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин Аксы районундагы катчысы болуп иштеп келген.