Turmush — Абыкаев Шабдан Алмасбекович Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким болуп дайындалган. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Буга чейин Turmush Ш.Абыкаев 30-май күнү райондук администрациясынын жамаатына тааныштырылганын жазган.
- Райондун буга чейинки акими Мурат Раматов президеттин буйругунун негизинде кызматынан бошотулган.
Шабдан Абыкаев буга чейин Чүй районунун акиминин биринчи орун басары болуп иштеген. Ал 1980-жылы Чүй облусунда туулган. Үй-бүлөлүү, балдары бар.
Эки жогорку окуу жайда билим алып, аскерде кызмат өтөгөн.