Turmush — Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнү белгиленди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Окуу жайдын кызматкерлеринин балдары үчүн майрамдык оюн-зооктор, концерттик программалар уюштурулуп, сый-тамак жана белектер тартууланды. Балдар алгач окуу жайдын аянтына чогулуп, жер үстүнө сүрөттөрдү тартып, спорттук оюндарды ойношту. Андан соң жыйындар залында ырдап, бийлеп, өз таланттарын көрсөтүштү. Соңунда ар бир балага белектер тапшырылып, түшкү тамактануу менен майрамдык программа жыйынтыкталды.
Иш-чара университеттин жетекчилиги, профсоюз жана жаштар комитети тарабынан уюштурулду.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.