Turmush — Бүгүн, 31-май күнү президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп Айнура Султанбаева дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, аны облус активине президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Мирбек Кожоев тааныштырды. Анда ыйгарым укуктуу өкүлдүн мурунку орун басары Элмира Усенова башка жумушка которулганы айтылды.
Айнура Султанбаева 1974-жылы 9-декабрда Чүй облусунун Кемин районундагы Ильич айылында туулган. Жалгыз бой эне, 18 жана 10 жаштагы эки уулу бар.
Эки жогорку билими бар: Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин («Финансы жана кредит»), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясын («Мамлекеттик башкаруу») аяктаган.
Эмгек жолун 2002-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин иш башкармалыгынын адиси болуп иштөө менен баштаган.