Turmush — Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтуна белгилүү профессорлор келди. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чара президент С.Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгынын алкагында уюштурулду.
«Химия илимдеринин доктору, профессор, Улуттук илимдер академиясынын академиги, СССР эл агартуусунун отличнги, КРнын билим берүүсүнүнө эмгек сиңирген кызматкер Б.Мурзубраимов жана педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын билим берүүсүнүнө эмгек сиңирген кызматкер, белгилүү акын Сатканбай Момуналиев, жаш илимпоздор, доценттер — Ө.Станбаев, З.Арынов катышты. Алар профессордук-окутуучулар курамы менен жолугуп, билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу масалелери, руханий дөөлөтөр, адеп-ахлак жана ашыкча ысыракерчилик туурасында кеңеш өткөрүштү. Алар жаш окутуучуларга кеңеш беришти», - деп айтылат маалыматта.