Turmush — Бүгүн, 25-майда Кочкор районуна жаңы дайындалган прокурор Осмонов Марат Раззакович райондун активине тааныштырылды, деп билдирди аймактык кабарчы.
Марат Осмонов Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин 2022-жылдын 20-майындагы буйругу менен ротация жолу аркылуу дайындалган.
Ал буга чейин Аксы районунун прокурору болуп иштеп жаткан. Юстициянын подполковниги.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.