Turmush — Ош шаарында өткөн алыш бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышкан Ош мамлекеттик университетинин студенти Элзада Момунжанова күрөштүн эркин стили боюнча 55 кг салмакта чемпиондукту жеңип алды.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ал финалдык беттеште ирандык балбан менен беттешип, 5:3 эсебинде утуп алды.
Азия чемпионатына дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн, анын ичинде Индия, Иран, Казакстан, Монголия, Түркмөнстан, Өзбекстан, Япония жана Кыргызстандан 300гө жакын спортчу катышты. Бул иш-чара 2022-жылдын сентябрында Түркияда өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандоонун экинчи этабы болуп саналат.
Элзада Момунжанова ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин 4-курсунун студенти. Алыш күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку, Кыргызстандын 4 жолку чемпиону. «2021-жылдын мыкты спортчусу» сыйлыгынын ээси. Казан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеген. Өзбекстанда өткөн Азия чемпионатында 1-орунду, Кореяда өткөн дүйнө чемпионатында 3-орунду алган. Грэпплинг, ушу-саньда боюнча Кыргыз Республикасынын, Борбор Азиянын чемпиону жана профессионал кыз-келиндер арасында өткөн мелдештердин жеңүүчүсү, алтын курдун ээси. Пенчак силат каратэнин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын, Борбор Азиянын чемпиону. Малайзияда өткөн дүйнө кубогунда 2-орунду алган. Кол күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону.
«Азия чемпиону Элзада Момунжанованы ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан жеңиши менен куттуктайбыз! Окууларына, спортто ири жетишкендиктерди багынта беришине тилектешпиз», - деп айтылат билдирүүдө.