Turmush — Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын тургуну Асел Сапарбаева 18 жылдан бери мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип келе жатат. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.
Сапарбаева Асел Жолочиевна 1982-жылы аталган айылда туулган. 1989-1999-жылдары айылдагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинде, 1999-2004-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин англис тили бөлүмүндө билим алган. 2004-жылдан бери өзү билим алган орто мектепте англис тилчи мугалими болуп эмгектенип келет.
Быйыл Тоголок Молдо айылдык кеңешинин депутаты болууга жетишти. Үй-бүлөлүү, 1 уул, 2 кыздын энеси.
Асел Сапарбаева мугалим болуу үчүн сапаттуу билим алуу жана адамдын өзүнүн жөндөмү болуусу керектигин айтты.
«Орто мектепте окуп жүргөн кезибизде англис тили аябай даңазалуу болуп жаткан. Баарыбыз англис тилин жакшы көрүп окучу элек. Окуу жайды бүтүп келгенден кийин өзүмдүн айылдагы жигитке турмушка чыктым. Айыл жергесинде англис тилин билгеним менен ага ылайыктуу башка кесип болбогондуктан мугалим болуп иштеп кеттим. Балким, Бишкекте болуп калсам башка кесиптин ээси болмоктурмун. Мугалим болуп калышыма ата-энемдин эмгеги зор. Ал эми мугалим болуш үчүн сапаттуу билим жана адамдын өзүнүн жөндөмү болуш керек. Азыркы замандын талабына ылайык, мугалим ар дайым изденип, билим алып туруусу зарыл. Билим алуунун эч кандай эрте-кечи жок дегендей, дайыма ар тараптуу өсүп-өнүгүп турууга умтулуу керек. Ал эми адамдын мүнөзү, жөндөмү мугалим болууда кесиптештер, окуучулар менен иштешүүдө абдан чоң роль ойнойт. Жөндөмдүүлүк командада, баарлашуу, көйгөй чечүүдө пайдалуу. Канчалык билимдүү болуп турсаң дагы, бирок жөндөмүң болбосо, билимди иш жүзүндө колдоно албайт деп ойлойм», - деди ал.
Ал акыркы мезгилдерде айрым мугалимдер менен окуучулардын ортосундагы келишпестиктердин келип чыгышы туурасында өз пикирин билдирди.
«Менин түшүнүгүмдө мугалим окуучуга билим берүү менен бирге эле тарбия дагы берүүсү зарыл. Бирок тарбиянын башаты үйдөн. Ата-энелер балдарына татыктуу тарбия берсе, баласы сапаттуу билим ала алат. Ошондо гана мугалимден баласынын билимин талап кыла алат. Тилекке каршы, кийинки мезгилдерде мугалимдерге терс пикирлерин билдирген ата-энелер, мугалимдерди сөккөн, кол көтөргөн көрүнүштөр кездешүүдө. Буга биз капа болуп калып жатабыз. Мугалим эч убакта окуучусун «жаман болсо экен» дебейт. Өзүбүздүн балдарыбызга кылгандай мамиле жасап, кийин ушул окуучуларыбыз менен сыймыктансак экен деп тиленебиз. Керек болсо ар бир окуучубузду «менин балам, менин кызым» деп мээрим төгүп, окуучуларыбыз ийгиликке жетсе чексиз кубанып, терс иштерди жасап койсо, абдан капаланабыз. Ал эми мугалимге карата же окуучуга карата болуп жаткан зордук-зомбулукка эч кимди күнөөлөй албайм. Ар бир окуя кырдаалга байланыштуу чыгып, болуп жатса керек», - деди Асел Сапарбаева.
Асел Сапарбаева мындан сырткары волейбол ойноп, командасы менен облустук, райондук деңгээлдеги мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келет.
«Волейбол жашоомдун бир бөлүгү деп айтсам болот. Мектепте атайын эжекелерден куралган командабыз бар. Ошол команданын капитанымын. Жумасына 2 жолу волейбол ойноп, машыгып турабыз. Райондук, облустук мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багынтып жүргөнүбүздү сыймыктануу менен айта алам. Волейбол дегенде ичкен ашымды жерге коём, волейбол ойноодон эс алам. Кол өнөрчүлүк шык-жөндөмүм жок. Бирок уюштуруучулукту жакшы көрүп, ар кандай иш-чараларды уюштура калам. Мындан тышкары донордук уюмдар менен иштешип, тренерлик, ыктыярчылык иштерди аткарам. Мугалимдик ишимде эч нерсе жоготкон жокмун. Тескерисинче, мугалимдик кесибимдин арты менен көптөгөн ийгиликтерге жетиштим. АКШ, Малайзия сыяктуу өлкөлөргө барып келдим.
Ал эми айлыгым тууралуу айтсам, буга чейин 18-19 миң сом алып иштечүмүн. Көтөрүлгөн айлыгым 30 миң сомду түздү. Бийлик тарабынан мугалимдерге көңүл бурулуп жатканына абдан кубанып жатабыз. Биз үчүн абдан сонун мотивация болду», - деди ал.
Асел Сапарбаева ишине байланышкан кызыктуу окуялары менен да бөлүштү.
«2014-жылы АКШнын «ТЕА» программасын утуп алып, 2 айга Монтана мамлекеттик университетине тажрыйба алмашууга бардык. Монтана, Колорадо, Вашингтон штаттарын кыдырып, мектептерде англис тилинен сабак өттүк. Ал жакта кыргыздар жок, жалаң англисче сүйлөшүп жүрдүк. Кетерибизге бир жума калганда даярдыктарды көрүп баштадык. Алып жүргөн жүгүбүз (чемоданга салынган кийимдер) аэропорттун талабы менен 25 килограммдан ашык болбош керек экен. Андан ашып кетсе, акча төлөмөкпүз. Күнүгө чемодандарыбызды таразага тартабыз, 25 килограммдан ашып кетет. Кийимдерибизди кайра чачып, тоголоктоп, кайра салабыз, төрт чарчы кылып бүктөп салабыз. Айтор 25 килограммдан ашырбашыбыз керек. Ошентип жатып эскирээк кийимдерибизди таштап келгенбиз. Анан менин бир баштыгым чемоданыма батпай калып, Таластан Рахат деген эже дагы барган эле. Ал эженин чемоданы бошураак болгондуктан баштыгымды ал эженикине салып койдум. Кыргызстанга учуп келип, аэропорттун ичинен Рахат эже менен коштошуп, өзүм көзөмөлдөө тилкесинен өтүп, Рахат эженин чемоданына салынган баштыгымды унутуп калыптырмын. Ал эже ичинде калган болчу. Кайра кирип баштыгымды алып алайын десем, коопсуздук күзөтүү кызматы киргизбей койгонунан, ага англисче «баштыгым калып калыптыр, алып алайынчы» деп кайрылдым. 2 ай англисче сүйлөп жүргөнгө көнө түшүптүрмүн. Эстей коюп, кыргызча айтсам, кирүүгө руксат берди. Ошентип баштыгымды кайра алганым эсимде.
АКШда жүргөнүбүздө «каалаган жериңерге барып эс алсаңар болот, бирок өз каражатыңардын эсебинен» деп 4 күндүк эс алуу убакытын беришти. Менин 4 күндүк эс алуум Колорадо штатынын Денвер шаарында өттү. Анткени мен бул жакта Мерин деген ыктыярчу менен иштешкен элем. Мериндин ата-энеси Кыргызстанга келген. Мен аларды айылга алып келип, эс алдырып, сыйлап, коноктогом. Ошол адамдар мени Колорадого чакырышып, Монтанадан Колорадого чейинки учактын билетинен бери төлөп беришип, айтор мени Денвер шаарына алдырып келип, коноктошту. Бирге отуруп, сүйлөшүп, тамактанабыз. Үйдүн кожойкеси Жейн деген аял, күйөөсү Майк. Таң калганым, тамак ичилип бүткөндөн кийин аялы Жейн мени менен сүйлөшүп отурат, ал эми күйөөсү Майк үстөлдүн үстүн жыйнап, идиш-аяктарды жууп, үй жумуштарын жасап коёт. Бизде тескерисинче го. Үйгө конок келсе, күйөөбүз коноктор менен сүйлөшүп отурат, аял кишилер үй жыйнап, оокат кылышат эмеспи. Дагы бир таң калганым, кошунасына «үйгө мейман келди, табитти ача турган суусундук, жемиштерден алып келиңиз» дешти. Кошунасы суусундук, кургатылган жемиштерди көтөрүп келип, тамак даяр болгончо бакчасына отуруп алып, суусундук ичип, жемиштеринен жеп, сүйлөшүп отурдук. Кошунасынын үйүнө сыйлуу мейман келип калса, берки кошунасы тамакка табитти ача турчу азык-түлүктөрүн алып келип сыйлашат экен», - деди Асел Сапарбаева.