Turmush — Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда педагогика жана тил илимдери кафедрасынын доценти, новатор-педагог, акын жана драматург Тургунбай Тагаевдин 75 жаш мааракесине арналган республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «Коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууда жана өнүктүрүүдө мугалимдин инсандык ролу» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция президент Садыр Жапаров «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулду.
«Бул мааракеге арналып өткөрүлгөн конференцияга чет өлкөлөрдөн жана Кыргызстандан белгилүү илимпоздор (илимдин докторлору, профессорлор, илимдин кандидаттары, доценттери, изденүүчүлөр, аспиранттар, илим ышкыбоздорунун ж.б.) илимий макалалары менен катышып, илимий иш-чаранын деңгээлин, масштабын, маанисин жана макамын көрсөттү. Конференцияны утурлай илим жана билим берүүдөгү актуалдуу маселелерди жана илимий табылгаларды камтыган илимий эмгектердин жыйнагы жарык көрдү», - деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулар: Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы, Кыргызстандын Түштүк философиялык коому, ОшТУнун академик Б.Мурзубраимов атынындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту.