Turmush — Баткен облусундагы Кадамжай районуна караштуу Абсамат Масалиев айыл өкмөтүндөгү Кара-Дөбө айылынын 65 жаштагы тургуну Абдугапар Абдулуев 57 жылын футболго арнады. Ал учурунда Кыргызстандагы легендарлуу «Металлург Кадамжай» футбол командасында машыктыруучу болгон.
Абдулуев аталган айыл өкмөттөгү «Исфайрам» футбол майданында балдарды акысыз машыктырып келет. Бүгүнкү күндө ал тарбиялаган футболчулар Кыргызстандын Жогорку лигасындагы командаларда ойнойт.
«1992-жылдан бери машыктыруучу болуп баштадым. Легендарлуу «Металлург» футбол командасынын экинчи машыктыруучусу элем. Ага чейин 1977-жылдан 1980-жылга чейин «Водник Үч-Коргон» командасында ойнодум. Кийин аты өзгөртүлүп, 1980-жылдан 1988-жылга чийин «Мелиоратор Үч-Коргон» болду. 1992-жылга чейин «Семетей Кызыл-Кыяда» ойногом. Ал учурда Кыргыз СССРнин чемпионаты деп өлкө боюнча оюн болот эле. Команда жоголгон жок. Бул жерден чыккан балдар беш жолу Кыргызстандын биринчи лигасынын чемпиону болду. Кыргызстандын тарыханда биринчи жолу «Металлург», «Семетей Кызыл-Кыя» чемпион болгон. Өзүм 8 жашымдан тарта футбол менен машыгып баштагам», - деди ал.
Абдулуев Футбол федерациянын колдоосу менен 2000-жылдан баштап жаш балдардын футбол клубунун машыктыруучусу болгон. Өзүнүн айтымында, анын максаты — балдардан бир нерсе алуу эмес, тескерисинче кызыккан, умтулган балдарга акысыз футбол дүйнөсүнө жол ачуу.
«2000-жылы федерациянын колдоосу менен балдар машыктыруучусу болуп калдым. Чет мамлекетте окудум, лицензия алдым. Азыр балдар Кыргызстандын курамасында, жаштар курамасында ойноп жатат. 2005-жылы төрөлгөн футболчулардан бирөө да калган жок, баарын алып кетишти. Нуролимжон Ахмедов учурда «Нур-Баткендин» капитаны, Мустафа Юсупов «Алайда» капитан болду. Жакында Сатыханов Чарчахан «Алай-Ошто» келишимге кол койду. «Илбирсте» Дастан Колдошов деген окуучум ойноп жатат. «Каганатта» Азатбек Умаралиев бар. Башка командаларда ойноп жүргөн окуучуларым көп. Азыр машыктырып жаткан окуучуларымдан да 7-8 баланы сурап жатышат. Бул жерден мыкты футболчулар чыгып жатат. Келечекте уучубуз кур эмес», - деди машыктыруучу.
Машыктыруучу 2 уул, 1 кыздын атасы.
Маекти толугу менен Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз.
---------------------------------------
«Курбанов-100» (мурунку «Металлург Кадамжай») — Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагындагы футбол кулубу болгон. Клуб 1996-жылы Кыргызстандын чемпиону болгон.
Аталыштары:
- 1995-2005-жылдары — «Металлург» (Кадамжай).
- 1996-жылы (сезондун бир бөлүгү) — «Семетей-Металлург» (Кадамжай).
- 2004-жылы (биринчиликте) — «Беркут» (Кадамжай).
- 2005-2007-жылдары — «Курбанов-100» (Үч-Коргон).