Turmush — Бүгүн, 17-майда Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эрмаматов Ислам Жолдошбаевич дайындалды.
Ислам Эрмаматов 1989-жылы Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында туулган. Буга чейин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ош облустук башкармалыгында жетектөөчү адис, айылдык кеңештин депутаты, айылдык кеңештин төрагасы, муниципалдык башкармалыктын башчысынын орун басары болуп иштеген.
- Мурдагы айыл өкмөт башчы Өскөнбай Мамажакыпов өз арызы менен кызматтан кетти.