Turmush — Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жергиликтүү кеңештин мурунку депутатынын иши Жогорку сотко чейин жетти.
Буга чейин УКМК билдиргендей, 2022-жылы ноябрь айында М.А.Т. аттуу жаран Жазык кодексиндеги 313-берене (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) жана 310-берене (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча кармалган. Ал 2020-жылы 30-октябрда Жалал-Абаддагы митингге катышкан. Митингде Орто Азиянын аймагында «Ислам Халифатын» орнотууга чакырыктар айтылган.
М.А.Т. кармалганга чейин Базар-Коргондогу айыл аймактардын биринде депутат болчу.
- УКМК М.А. «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун «Солдат» каймана аттуу активдүү мүчөсү экенин маалымдалган.
Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 16-июлдагы өкүмү менен М.А. 310-берене (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга кандайдыр бир кызмат ордун ээлөө же ишмердүүлүк жүргүзүү укугунан ажыраган.
Сот аны 313-берененин 1-бөлүмү (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыраткан.
Жалал-Абад облустук сотунун 2021-жылдын 28-октябрдагы өкүмү менен шаардык соттун өкүмү өзгөртүүсүз калган.
Жогорку сотко жактоочу тарабынан даттануу түшкөн. Ал соттук актыларды өзгөртүп, эркиндигинен ажыратууга байланышпаган жаза берүүнү суранган.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө депутат тууралуу айрым маалыматтар бар.