Turmush — Мадяров Тимур Мысырович Министрлер кабинетинин төрагасынын буйругунун негизинде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда облус жетекчилигинен кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал бул кызматка 2022-жылдын 27-апрелинде дайындалган. Аны облустун активдерине бүгүн, 12-майда тааныштырышты.
- - - -
Буга чейин 22-апрелде президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнагүл Мурзаева кызматынан кеткенин билдирген.
Анан айтымында, Баткен облусунда инновациялык-билим берүүчү платформанын курулушу боюнча долбоордо иштей баштаган.
- А.Мурзаева социалдык тармак боюнча орун басар болчу. Бул кызматка 2021-жылы октябрь айында дайындалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.