Turmush — Бүгүн, 12-майда Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Азизбек Шамуратов дайындалды. Бул маалыматты райондук администрациядан тастыкташты.
Азизбек Шамуратов 1987-жылы Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүндө төрөлгөн. Ал буга чейин бөлүм башчы, айылдык кеңештин депутаты, айыл өкмөт башчынын орун басары болуп иштеген.
- Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн буга чейинки башчысы Осмонов Казыбек Келдибаевич өзү жазган арыздын негизинде кызматынан бошотулган.
Буга чейин маалым болгондой, бүгүн, 12-майда Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жумушка чыккан жок.
Аким Данир Иманалиевдин айтымында, жаңы айыл өкмөт башчыны аппарат кызматкерлери кабыл албай жатышат.
Ушул жылы 28-апрелде Ош шаарында президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Министрлер кабинетинен келген өкүлдөр, акимдер, айыл өкмөт башчылары катышкан коллегиялык жыйын өткөн. Анда 12 айыл өкмөттүн башчыларынын кызмат абалын кароо сунушталган.
Алар:
- Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Арынов Шайырбек Сапаралыевич;
- Кара-Кулжа районунун Сары-Булак (Эркинбаев Медербек Камчыбекович), Чалма (Алишев Чолпонкул Садыбалдыевич) айыл өкмөттөрүнүн башчылары;
- Ноокат районунун Он-Эки-Бел (Осмонов Казыбек Келдибаевич), Көк-Бел (Айткулов Асилбек Эсеналиеви), Жаңы-Ноокат (Рузалиев Нодирбек Зокиржонович) айыл өкмөттөрүнүн башчылары;
- Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак (Мадалиев Хамидулла Аманулаевич), Шарк (Тезекбаев Таалайбек Жолчуевич), Ак-Таш (Дооранов Абдулла Абдырайымович) айыл өкмөттөрүнүн башчылары;
- Араван районунун Керме-Тоо (Эшматов Рахманали Суюмбаевич) айыл өкмөтүнүн башчысы;
- Алай районунун Ленин (Субанов Бактыулан Мураталиевич), Корул (Турганбаев Мустафа Жанибекович) айыл өкмөттөрүнүн башчылары.