Turmush — Казакстандын Алмата шаарында өткөн табигый билим берүү багыты боюнча эл арлык олимпиадада Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин студенттик командасы активдүү катышып, байгелүү орунду камсыздады. Олимпиада 27-30-апрель күндөрү өткөнүн окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган билим жарышы Алматадагы Абай атындагы Казак педагогикалык университетинде болуп, ага Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан студенттер катышты.
«Олимпиадага студенттер командалык жана жекече катышып, анда ОшМПУнун табият таануу жана география факультетинин студенттери Жылдыз Казакова, Элмира Садыкова, Махира Иминова жана жетекчиси Гүлзада Сагынбаева командалык мелдеште «Чыгармачыл топ» наамына ээ болуп, атайын сыйлык алышты. Ал эми команда мүчөсү Элмира Казакова жекече таймашта мыкты географ аталып, 1-даражадагы диплом менен сыйланды», - деп айтылат маалыматта.