Turmush — Билим берүү жана илим министрлиги жана «Алтын түйүн» улуттук инженердик-техникалык балдар академиясы Ысык-Көл районунун Бостери айылында «Биз – XXI кылымдын интеллектуалдары» эл аралык изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоорлордун жаштар форумун өткөрдү.
Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, сынакка Кыргызстан, Казакстан, Украина, Россия, Өзбекстандан жаш техниктер менен ойлоп табуучулар катышты. Калыстар тобу сунушталган эмгектерди карап чыгып, жеңүүчүлөрдү аныктады.
Форумда 200дөн ашуун изилдөөчүлүк жана ойлоп табуучулук долбоор, экспонат жана колдонуудагы моделдер сунушталып, номинациялар боюнча жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды. Аталган сынакта Ош технологиялык университетинин кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти Азаматов Арген «Аспаптар, радиоаппаратуралар жана телекоммуникация системалары» номинациясы боюнча 2-орунду камсыз кылды.