Turmush — 7-майда Чүй облусунун Кемин районунда «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.
Иш-чарага Кемин району боюнча 100гө чукул кой-кочкорлор алынып келип, анын 10 чактуусу гана мыкты деп табылды. Эми бул кой-кочкорлор 29-майда Аламүдүн районунда өтө турган эл аралык көргөзмөгө алып барылат.
Эл аралык көргөзмөгө 190 кг салмактагы «Кара жорго» аттуу кочкор катышат. Аны ээси Уларбек Садыковдун айтымында, мындай породадагы кой-кочкорлорду 10 жылдан бери багып келе жатат.
«Асыл тукум койлорду мурунтан эле бакчубуз. Андан кийин «Арашан» породасындагы кой-кочкорлорду (10 баш) сатып алдым. 5 жылдан бери койлорго жакшы кочкорлордон кошуп келем», - деди ал.
Фермер 1986-жылы аталган райондун Кара-Булак айылында туулган.
«Орто мектепти бүтүрүп, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинен беш жыл билим алдым. Учурда мал үчүн заманбап сарай куруп жатам», - деди ал.
Уларбек Садыков 2 уул жана 2 кыздын атасы.