Толон Шайназаров
// Turmush
Turmush — Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын мурунку директору Төлөн Шайназаров каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка караганда, Т.Шайназаров 2-3 күн мурун каза болгон.
Шайназаров Төлөн Шайназарович 1936-жылы Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген.
1960-жылы институтту аяктап, Ош облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын медициналык бөлүмүнүн инспектору болуп эмгек жолун баштаган.
Андан кийин Лейлек жана Аксы аймактык ооруканаларынын, Ош шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери болгон. Мындан сырткары ОшМУнун педиатрия кафедрасын жетектеген.
Бир катар сыйлыктары бар.
Төлөн Шайназаровдун өмүр баянын биздин сайтка катталуу менен окуй аласыздар
АКИpress'тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)
Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек:
info@akipress.org
Уникальные видеоистории о жителях регионов Кыргызстана в Инстаграме
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.