Turmush — Ош облусунун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылындагы жер тилкеге курулган кеңсе боюнча териштирүү башталды. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 28-апрель күнү интернет колдонуучу Мирлан Орозбаев Фейсбуктагы баракчасына ал жерге мындан бир нече жыл мурда 1976-жылы туулган А.Сүйүмкан аттуу жаран кеңсе курдурганы тууралуу билдирүү жарыялаган. Муну менен катар жактоочу М.Динара президенттин жактоочусу экенин, жогорку жактагы жетекчилер менен байланышы бар экенин айткан.
Бул боюнча толук жана мыйзамдуу текшерип, юридикалык баа берүү максатында Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Turmush басылмасы аталган тилкедеги мыйзамсыз курулуштар 2021-жылы бузулуп баштаганын жазган.
Маалыматтын жабык бөлүгүндө үлүш жерлердин ээлери, соттук териштирүүлөр тууралуу толук маалымат бар.