Turmush — «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 48 жаштагы тургуну Бактыгүл Усенбаева. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.
«Мен Ысык-Көл районундагы Чок-Тал айылында төрөлгөм. Жолдошум менен 5-класска чейин чогуу окугам. Кийинчерээк ал Балыкчы шаарына көчүп кетип, ошол жактан орто мектепти аяктаган. Экөөбүз 19 жашка чыкканда, мага үйлөнүнүү сунушун жасаган. Мен каршы болгон жокмун. Жолдошум Айбек Дайрабаев 1974-жылы Балыкчы шаарында туулган. Тазалыкты аябай жакшы көрөт. Бардык буюмдардын орду-ордунда тургандыгын жактырат. Өзү дагы ишти майын чыгара жасайт. Балдар окушсун деп, үйдөгү көпчүлүк жумуштарды өзү аткарат. Алардын билимдүү болуп өсүшүнө аябай аракет кылган камкор ата», - деди ал.
Каарманыбыз эсте калган кызыктуу окуяларынан айтып берди.
«Биз жаңы үйлөнгөндө, жолдошум формасын кийип алып, Балыкчыдагы аскер кызматына кеткени кызык болгон. Келип турчу, бирок 6 айдан кийин кызмат өтөгөнү бүткөн. 2 жылдан соң, 1996-жылы жолдошум экөөбүз алма сатканы Бишкек шаарына кеткенбиз. Жаңы жылга карата алмабыз жакшы өтүп, түш ооп кетти. Автовакзалга барсак бир да автобус, такси да жок экен. Ал учурда жаңы жылды үй-бүлө менен чогуу тосуш керек деген түшүнүк бар эмес беле. "Эми эмне кылабыз?" деп маанай түштү. Балыкчы шаарына үйгө келиш керек эле да. Тун кызыбыз 1 жашта болчу. Үйдө чоң ата жана чоң энеси менен калган. "Жаңы жылды чогуу тосо албай калабызбы" деп аябай сарсаана болдум. Темир жол вокзалына барууга бел байладык. Барсак поезд жаңы жылып баратыптыр. Проводник (жолдо вагонду кароочу адам) болгула деп калды. Жолдошум жылып бара жаткан поездге секирип түшүп, аны мени өзүнө карай тартып алды. Ошентип түн ичинде үйгө жетип, аябай сүйүнгөнбүз. Билетиңер жок дебей, бизди түшүнүп салып кеткен проводникке бүгүнкү күнгө чейин ыраазы болом», - деди ал.
Жубайлар 1 кыз жана 4 уулдун ата-энеси.
«Жаш жубайларга бере турган кеңешим, бирин-бири сыйлоо керек. Сыйдан кетишсе, ортодо ажырым пайда болуп, уруш көбөйө берет. Андыктан сабырдуу болуу кажет. Бош убактымда үй жумуштары менен эле алектенем. Булочка, торт, печенье, сыяктуу таттууларды жасаганды жакшы көрөм. Балдарым да таттуларымды жасап беришимди аябай күтүшөт. Келечекте балдарым эң негизгиси адамгерликтүү болуушун каалайт элем. Улууну урматтап, кичүүнү ызаттаган, башка адамдарга үлгү боло ала турган инсандардын катарын толукташын тилеймин.
Кызым Айдана Кытай республикасынан кытай тили боюнча окуп келди. Уулум Бекжан Чолпон-Ата шаарында хирург-ординатор. Кийинки уулубуз Эржан Россиянын Краснодар шаарында аскер окуу жайында билим алууда. Нурдан менен Султан мектеп окуучулар. Кызыбыз менен улуу балабыз турмуш курушкан. Учурда 2 неберебиз бар», - деди ал.