Turmush — Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин кийимдердин дизайны жана технологиясы кафедрасынын жамааты тарабынан «Беш оймок» аталышындагы көргөзмө уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Көргөзмөдө аталган колледждин кийимдердин дизайны жана технологиясы адистигинде билим алып жаткан студенттердин жана алардын окутуучуларынын колдорунан жаралган кийимдердин коллекциясы тартууланды. Студенттер бул көргөзмөгө өздөрүнүн окутуучулары менен биргеликте ар кандай стилдеги, акыркы модадагы, жаштардын талабына жооп берген, заманбап көйнөктөрдү тигип алып келишкен.
«Жалпы көргөзмөнүн катышуучуларына эстетикалык рахат тартуулоо менен бирге кафедра адистерди даярдоодогу жалпы бир жылдык жыйынтыгын чыгарышты. Ал эми иш-чаранын негизги максаты жаштарды өздөрү тандаган кесибин сүйүүгө, аларды заман талабындагы мыкты адис болуп калыптанууга үндөө жана адамдар арасындагы ынтымакты, биримдикти чыңдоо, жаштарды келечекте туура жолду тандап, мыкты инсан болууга багыттоо, кооздукту, сулуулукту баалай билүүгө чакыруу болуп саналат.
Мода көргөзмөдөн сырткары кафедранын жалпы жамааты ата-энелер менен жолугушуп, аларга биздин колледж тууралуу маалыматты берүү менен бирге жаштарды келечекке туура багыттап, аларды тарбиялоодо окуу жай менен үй-бүлөнүн биримдиктеги ордун аныктоо жөнүндө талкуулар жүрдү», - деп айтылат маалыматта.
Гуманитардык-технологиялык колледж 2004-жылы Ош технологиялык университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен ачылган. Жыйырма жылга жакын убакыттан бери миңдеген орто билимдүү адистерди даярдады. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр өз кесиби менен өлкөнүн аймагынан сырткары алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерде үзүрлүү эмгектенип жатышат.