Turmush — Ош технологиялык университетинде президенттин жарлыгына ылайык, Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына карата «Илим. Технологиялар. Инновациялар – 2022» аталышындагы жаш илимпоздордун жана студенттердин V аймактык илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Конференцияда учурдагы актуалдуу илимий-практикалык көйгөйлөргө арналып илимдин 8 багыты боюнча 42 секцияда 651 баяндамалар талкууланды жана Ош технологиялык университетинен 506, Кыргызстандын башка окуу жайларынан 124, Россиядан 4, Өзбекстандан 7, Казакстандан 11 илимий доклад жазылды.
«Практика жүзүндө бүгүнкү конференция эл аралык мааниге ээ болуп, иш-чарага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн, Бишкек шаарындагы, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облусундагы жогорку окуу жайлардын алдыңкы жаш илимпоздору, аспиранттары, магистранттары, студенттери жана алардын илимий жетекчилери катышышты. Конференцияга Кыргызстандын белгилүү окумуштуулары, Улуттук илимдер академиясынын академиги Бектемир Мурзубраимов жана геология-минералогия илимдеринин доктору, профессор Шейшеналы Эшмамбетович Усупаев катышты.
Конференция офлайн жана онлайн форматында өткөрүлүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды. Резолюцияда учурдун талабына ылайык жаш илимпоздордун илимге кызыгуусун арттыруу максатында биздин университетте жаш илимпоздордун илимий кеңешин түзүү жана илимий иштердин жыйынтыктарын өндүрүшкө, коммерциялык структураларга товар катары өткөрүп, илим изилдөө иштерин өзүн-өзү каржылоого жана пайда табуу максатында иш алып баруусу өзгөчө белгиленди. Мыкты деп табылган илимий макалалардын баяндамачыларына уюштуруу тобу тарабынан дипломдор тапшырылды.
Конференция жаш илимпоздордун жана студенттердин илимге болгон кызыгуусун арттыруу, илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын жарыкка чыгаруу жана илим менен өндүрүштүн байланышын күчөтүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет», - деп айтылат маалыматта.