Turmush — Ош технологиялык университетинде компьютердик лингвистика кафедрасы тарабынан улуу акын жана драматург Уильям Шекспирдин туулган күнүнүн урматына арналган атайын иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарада жазуучунун калеминен жаралган «Ромео жана Жульетта» чыгармасын студенттер англис тилинде сахнада көрсөтүштү. Бул иш-чаранын негизги максаты студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, аларды англис тилинде эркин сүйлөөгө үйрөтүү, өздөрү окуп жаткан тилдин өкүлдөрү болгон элдин маданиятын, каада-салтын терең өздөштүрүүгө багыттоо болуп саналат.
Компьютердик лингвистика багыты боюнча адистикте негизинен англис тилинин грамматикасы окутулуп, бүгүнкү күндөгү техникалык жана технологиялык багыттагы бардык илимдердин дүйнөлүк тил болгон англис тилине туура жана так которулушунун эрежелери үйрөтүлөт.
- Уильям Шекспир 1564-жылы 23-апрелде Эйвон дарыясынын боюнда жайгашкан Стратфорд шаарчасында төрөлгөн. Анын жазган чыгармалары канча кылым өтсө дагы дүйнөдөгү бардык элдердин тилдерине которулуп, окурмандар арасында популярдуулугун жоготпой келет.