Turmush — Ош технологиялык университетинин жашоо тиричилик коопсуздугу жана геология, жаратылышты пайдалануу жана коопсуздук кафедраларынын өзгөчө кырдаалдарда коргоо адистигинин студенттери арасында мелдеш уюштурулду. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чара студенттердин теориялык алган билимдерин практикада чыңдоо, өзгөчө кырдаалдардан коргоо жана алардын алдын алуу, ошондой эле студенттердин кызыгуусун арттыруу максатында өткөрүлдү. Мында университеттин гуманитардык-технологиялык колледжинин жана университеттин аталган багытта билим алып жаткан студенттеринен төрт команда куралып, өзгөчө кырдаал учурундагы бардык көрүнүштөр боюнча иш-аракеттерди аткарышты. Мелдеш Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы менен биргеликте аталган башкармалыктын окуу полигонунда ишке ашырылды.
Иш-чаранын жүрүшүнө Ош шаардык өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын куткаруу кызматынын кызматкерлери калыстык кылышып, жеңүүчү командалар баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.
- Кыргыз Республикасында биринчилерден болуп Ош технологиялык университети атуулдук коргонуу адистиги боюнча адистерди даярдай баштаган. Бүгүнкү күндө Ош технологиялык университетинин бүтүрүүчүлөрү өз кесиби боюнча алыскы жана жакынкы коңшулаш мамлекеттерде эмгектенип жатышат.