Turmush — 26-февралда Кара-Балта шаардык кеңешинин жаңы чакырылышынын депутаттары биринчи сессиясына чогулушту, деп жазат Turmush басылмасынын кабарчысы.
Аларга депутаттык мандаттарды жана төш белгилерди Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов тапшырды.
Андан соң депутаттар шаардык кеңештин төрагасын шайлоого өтүштү. Жазуу жүзүндөгү арызды бир гана депутат – «ЭлАман» фракциясынан депутат Ажыматов Азамат Темирканович берген.
Жыйынтыгында депутаттардын көпчүлүк добушу менен Ажыматов шайланды.
Калганын Turmush басылмасына катталуу менен окуй аласыз.