Turmush — Кочкор районундагы Чекилдек айылынын 48 жаштагы тургуну Марат Тентимишов ат таптоо менен бирге тайгандарды үйрөтүп келе жатат. Аймактык кабарчы саяпкер менен таанышты.
Тентимишов Марат Жекелеевичтин атасы Жетишпай Саяк уулу саяпкер адам болгон. Союз мезгилинде жорголорду минип, таптаган.
Марат Тентимишов өзү 1978-жылы аталган айылда туулган. Бишкек шаарына барып, автобус айдап, ар кыл жумуштарды жасаган. Бирок, айылды унута албай, акыры карыган ата-энесинин жанына кайтып келип, дыйканчылык кылып, ат таптап, тайган багууга өткөн.
«Чоң Кичүү бай, анын уулу Саяк зор адам болуптур. Жайлоого көчкөндө, алыс жолго чыкканда, бир кыр ашкан сайын ат алмаштырып минчү экен. Болбосо ат көтөрө албай, бели сынып кетчү эле дешет. Чоң атам Кыдыр жолугуп, бата бериптир. Саяктан Тентимиш, Ырысбек деген эки уул. Булар Ак-Талаанын Курткасынан Чекилдекке көчүп келип отурукташып калышат. Тентимиштен Туташпай, Жетишбай, Ашырбай, Каракойчу, Ырысбектен Карыбек, Карыбектен Болот, Жокин деген балдары бар. Тентимиштин Жетишбайынан биз тарайбыз. Мен үйдүн кичүүсүмүн. Атам Жетишбай колхоздо жылкы, уй багып жүрдү. Аттын жакшысын, жоргосун минчү эле. Бирок, союз учурунда совхоздун директору, чоңдор ээ кылбай талашып, жашырып минчү экен. Директордон коркуп күлүктү, жоргону ат чабышка сала алган жок. Саяпкерлигин да жашырып калчу. Бир карала жоргосун директор күчкө салып, тартып ала турган болгондо «сага бергиче союп салам» деп союп салат. Ошол кезде бир тай 300 сом болуптур. Жаңы-Жол айылында Муктасын Осмоналиев деген тууганы бар экен. Ошол кишинин жардамы тийип, жоргосун 1300 сомго өткөрүп, ордуна 4-5 тай алып коюптур.
Жетишбай атам мелдештерде, урушта, күрөштө «жекеге ким чыгат?» десе эле, «мен чыгам» деп чыга берип, Жетишбай аты өчүп, «Жекелей» деп аталып калат. Анын агасы Туташбай Туйту деп аталып, аттары өзгөрүп калыптыр. Биз да Жекелеевич болуп катталып калдык. Атам 2010-жылы 87 жашында кайтыш болду. Жерге койгондо өз аты менен койдук. Саяпкерликти бала кезден эле атабыздан үйрөндүк. Азыр үч жараган атты таптап жүрөм. Күлүгүбүз ат чабышта, жоргобуз жорго салышта байгелүү орундарга ээ болуп жүрөт.
Ат таптоо өтө — оор жумуш. Жоргосун чыгарыш үчүн 5-6 ай, бир жыл тынбай аракет кылабыз. Эртели кеч бастырып, талаага минип жорго салдырып, тер алып, кечкисин таң ашырып, тынымсыз аракет кылыш керек. Анын тоюту бар. Ат таптоо, күлүк багуу, ат чабышка салуу актабайт. Бирок, биз үчүн атадан калган кесип, бир чети атың байге алса, кубанып каласың. Өзүм негизи жоргону жакшы көрөм. Азыр Кылымбек деген уулум кызыгып, өзү таптай баштады. Ал «Акбарс» көк бөрү командасында ойноп жүрөт. Ошол үчүн улакка ылайыктуу аттарды таптай баштадык. Кылымбек өзү англис тилинде эркин сүйлөп, которо билет. Бирок шаарга барбай, көк бөрүгө кызыгып, айылда чарбачылыкка жардам берип келе жатат», - деди ал.
Каарманыбыздын 1 күлүк, 2 жоргосу жана 2 тайганы бар.