Turmush — Академик М.М.Адышев атындагы Ош технологиялык университетинин академик Б.Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институту 6 адистик боюнча программалык аккредитациядан ийгиликтүү өттү.
Окуу жайдын басма сөз кызматы билдиргендей, аккредитацияны 12-13-апрель күндөрү эл аралык уюмдардын мүчөсү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин эксперттик комиссиясы өткөрдү.
«Аккредитация – билим берүүнүн сапатына кепилдик болуп саналат. Бул сапар аккредитация: өздүк баалоо боюнча жумушчу топтор, билим берүү процессинин уюштурулушу, билим берүү тутумунун ишмердүүлүгү, материалдык-техникалык база, инфраструктура, каржы ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып талдоо, сабактарга катышуу жана студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, социалдык өнөктөштөр, профессордук- окутуучулар курамы менен маектешүүлөр болуп, терең талдоо менен офлайн режиминде жүрдү. Жыйынтыгында 2027-жылга чейинки мөөнөткө аккредитациядан ийгиликтүү өттү», - деп айтылат маалыматта.