Turmush — Баткен облусунун Баткен районунун 50 жаштагы тургуну Мелис Касымов Боз-Адыр айылындагы кайракы жерде 65 метр тереңдиктен суу чыгарды. Бул тереңдик 20 кабаттуу үйдүн бийиктигине барабар. Максаты суу жетпеген гектарлаган талааларды жашылдандыруу экенин Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.
Анын айтымында, суусуз талааны бакка айландырууга көп акча сарптаган. Өзү жашаган Суу-Башы айыл аймагында сугат суу гана эмес, ичүүчү суу да таңкыс. Бул кайракы жерлерден суу чыгаруу оор түйшүктү жана чоң чыгашаны талап кылган. Багбандын алгачкы жумушу какыраган талаада суу буруу ишинен башталган.
«Жерибиз бар, бирок суу маселеси өтө оор. Керек болсо айрым учурда сууну дарыяга түшүп алып чыгабыз. Биз жашаган айылга караганда бул жерде суу бар экен. Биринчи 55 метр казсак, суу чыкты. Суу 30 метрге чейин көтөрүлдү. Азыр кыймылдаткычтуу насос менен 30 метр тереңдиктен суу тартып, чыгарып жатабыз. Экинчи жерден 65 мерт тереңдиктен каздык. Метрин 3 миң сомдон каздырып, жалпы 200 миң сом короттум. Бул суунун баасы жок. Суу чыкканда абдан кубандым. Азыр ушул суудан ичип, ушул суу менен жашайбыз», - деди багбан.
Мелис Касымов сууну үнөмдөө максатында бактын бир четине 520 куб метрлик суу кампа курган. Бул суу кампаны куруу да көп каражатты талап кылганын айтат.
«Аккан суу башка, кызмат менен чыккан суунун кадыры башка экен. Муну эске алып, тоонун бооруна бийиктигин эсептеп, адистердин долбоору менен 500 кубдан ашык суу бата турган суу кампа курдум. Суу кампаны казып, курууга 300 миң сом жумшалды. Бир нососту ошол кампага коюп коём. Аны каалаган жерге түтүк менен каратып, колдоно берем», - деди ал.
Ал 5 гектар талаанын айланасын тосуп, жерден чыккан суунун жардамында 100 миңге чукул көчөттүн түрүн отургузган. Ал көчөт сатып алууда алгач ошол аймактын климатына да көңүл бөлгөн.
«Негизи көчөттүн нагыз сортуна көңүл бөлүү керек. Бак деп эле тиге берсең, кыйналып каласың. Климатты эске алып, бадамдын президент (500 көчөт) жана алты арык (1000 көчөт) деген түрлөрүн, отургуздум. Бадамдын булардан башка түрлөрүнөн 100 көчөт тиктим. Эки жолу сугарып, жаан-чачын менен 80 пайыз көбөйдү. Алмадай сугара алган жокмун. Алманын 2 миң 200 түп көчөтү бар. Алманын жазгы түрүн, кышка сакталуучу Бойко, голден, старкримсон деген түрүнө басым жасадым. Өрүксүз баткендик болбойт. Өрүк да тиктим, бирок азыраак», - деди Касымов.
Макаланы толугу менен Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз. Маалыматтын жабык бөлүгүндө багбандын телефон номуру да бар.