Turmush — Бүгүн, 13-апрелде Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында маданиятка эмгек сиӊирген ишмер, журналист жана жазуучу Баратбай Аракеев акыркы сапарга узатылды. Ал 11-апрелде 72 жашында дүйнө салды.
Акыркы сапарга узатуу зыйнатына мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана журналисттер катышты.
Баратбай Аракеев 1950-жылы 5-июнда Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылында төрөлгөн. Аталган айылдын орто мектебин аяктап, аскерде эки жылдык кызматын өтөп келген соӊ Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин 1980-жылы бүткөн. Ал телевидениеде башкы редактор, бир нече гезитте саясий баяндамачы болуп эмгектенген. Анын калемине таандык «Чал күйөө» аӊгемесинин негизинде режиссёр Асанкожо Айткиеев «Сокур кемпир көрөгүч» аталышындагы тасма тарткан.