Turmush — Кара-Кулжа районунун Октябрь айыл өкмөтүнүн тургуну — фермердик чарбанын ээси Абдылазиз Эргешов 2001-жылдан бери асыл тукум койлорду багып, көбөйтүп келет. Turmush басылмасынын кабарчылары фермердин чарбасына барып келишти.
Абдылазиз Эргешов Австралиядан меринос асыл тукум койдон төртөөнү кымбат сатып алып, койлордун санын 250гө жеткирди. Өзүнүн кесиби инженер-механик болгонуна карабай фермердик чарбаны кантип түзүп, кандай кыйынчылыктарга туш болгонун төмөнкүдөй эскерди.
- Меринос тукумундагы койлор башкалардан жүнүнүн сапаттуулугу менен айырмаланат.
«Советтер союзу тараганга чейин автомеханик, башкы инженер болуп иштегем. Союз тарап, үлүш бөлүнгөндөн кийин завод, кампалар мамлекеттин карызына сатылган убакта жашылча сактоочу жай дагы аукционго коюлуп калды. Ошол убакта аны 100 миң сомго сатып алгам. Президент А.Акаев "кооператив уюштургула" деп калды. Кооперативге насыяга трактор алып, элдин жерин айдап, эгин сээп, жыйнап жүрдүм. Бирок ал убакта пенсия, жөлөк пулдар убагында эмес, жарым жылдай созулуп, анда да товар аркылуу төлөнөт эле. Эл эмгек акыңды эгин жыйнаган соң беребиз дечү. Мен насыя алган жериме жума сайын түшүнүк кат жазам. Ушундай күндөр да өттү», - дейт Абдылазиз Эргешов
Фермер быйыл жүндүн баасы көтөрүлбөй, сатылбай турганын кошумчалады.
Макаланы толугу менен Turmush басылмасына катталуу менен окуңуз. Маалыматтын жабык бөлүгүндө багбандын телефон номуру да бар.