Turmush — Чабдарова Бурмагүл Токтогуловна Талас облустук медиа борборунун башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, анын кызматка дайындалышы боюнча буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри кол койду. Б.Чабдарова бул сынакка атайын сынактын жыйынтыгында дайындалды. Сынакка 4 талапкер – Перизат Мамырова, Айбек Турдалиев, Умар Анарбаев жана Бурмагүл Чабдарова катышкан.
Буга чейинки окуялар:
Буга чейин 24-мартта Бурмагүл Чабдарова Талас облустук медиа борборуна жетекчи болуп дайындалганы кабарланган.
- Мурунку жетекчи — 69 жаштагы Эрмек Үмөтов ардактуу эс алууга чыккан.
25-мартта Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчысы Бакай Садыров Бурмагүл Чабдарова кайра кызматтан алынганын билдирген.
«24-март күнү маданият жана маалымат министри Азамат Жаманкуловдун буйругу чыкты. Аны менен 2022-жылдын 23-март күнү чыгарган №52 дайындоо жөнүндө буйругу жокко чыкты. Ал буйрукка ылайык, Талас медиа борборуна Бурмагүл Чабдарова жетекчи болгон. Ошол буйрук жокко чыкты.
Мындай кадамга эмне үчүн барып жатат дегендерге башка талапкерлерге дагы мүмкүнчүлүк түзүп, ал жерди реформалоо максатында алгач президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков талапкерлерди сунуш кылып, анан бул кызмат ордуна сынак жарыялана турган болду. Ага чейин Бурмагүл Чабдарова кызматтан алынды. Эми дүйшөмбү күнү тиешелүү министрликте сынак болот. Квалификациялык мүмкүнчүлүгү жеткен талапкерлер катышып, сынактын жыйынтыгы менен жетекчи келет», - деген ал.